Бул тууралуу шаардык ИИББ билдирди. Маалым болгондой, 4-февралда саат 23:04тө «102» кызматына шаардын четинде, айланма жолдун жанынан аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерде маркумдун денесинен зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «Адам өлтүрүү» менен иш козголду. Маркум — 2006-жылы туулган С.Б. Шектүү катары 2004-жылы туулган Н.А. изи суубай табылган. Милициянын маалыматына ылайык, кармоо учурунда ал өзүнө зыян келтирүүгө аракет кылып, кызматкерлер биринчи жардам көрсөтүп, тез жардам чакырышкан. Учурда ал медмекемеде конвойдун көзөмөлүндө, экспертизалар дайындалып, териштирүү уланууда.

