Депутат Дастан Бекешев кафе-ресторандардагы тейлөө пайызын алып салуу чечимин сынга алды


5-февралда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев кафе-ресторандарда тейлөө үчүн кошумча пайызды эсепке кошууга тыюу салган Министрлер кабинетинин токтомун сынга алды. Анын айтымында, бул чечим ресторан бизнесине терс таасир берип жатат жана токтомду жокко чыгарууну сунуштады.

Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев чара керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үчүн кабыл алынганын айтып, мыйзам боюнча тейлөө үчүн акы ыктыярдуу болушу керектигин белгиледи. Бекешев өкмөттү негизги азыктардын баасына көбүрөөк көңүл бурууга чакырды, ал эми Минкаб бааларды жөнгө салуу иши жүрүп жатканын жана эт боюнча көзөмөл сакталганын билдирди.