Бул тууралуу “Синьхуа” кабарлады.
Агенттиктин маалыматына ылайык, темир жол бекетинде поезддердин кечигүүсүнөн улам адамдар көп чогулган. Платформалардын биринде атайын поезддин келиши менен чаташуулар болуп, адамдар башка перронго чуркап, бири-бирине жыгылган.
Курман болгондордун көбү Индиянын түндүгүндөгү Праяграж шаарындагы Маха Кумбх фестивалына бара жаткан жана кайткан индус зыяратчылары болгон.

