Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.
УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:
- «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункту — 15-февраль саат 20:00дөн 19-февралга чейин;
- «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту — 17-февралдан 20-февралга чейин.
Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү «Эркечтам» пункту аркылуу — 19-февраль саат 08:00дөн ал эми «Торугарт» пункту аркылуу — 20-февраль саат 08:00дөн баштап жанданат.

