Президент Садыр Жапаров бир катар жетекчилерге катуу сөгүш берди


Эмгек милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн бир катар аткаминерлерге катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык:

  • энергетика министри — Ибраев Таалайбек Өмүкеевичке;
  • Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Сабиров Равшанбек Азатовичке;
  • президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары — президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Кадыралиев Азамат Сактанбековичке катуу сөгүш берилди.