Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан тиешелүү иш-чаралардын алкагында Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Молдо-Нияз аймагындагы дан, мөмө-жемиштерди кургатуу жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо үчүн курулган айыл чарба имаратын жана башка кошумча курулуштары менен жалпы аянты 0,86 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылып алынды.
2000-жылдары жалпы аянты 0,86 га түзгөн жер участогун жана анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо үчүн курулган кампалары менен кошо, мыйзам талаптарына каршы келип, жеке тарапка тиешелүү иш-кагаздарысыз чыгарылып алынган.
Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам оперативдик иш-чаралардын натыйжасында, жагдай боюнча мыйзам бузуулар жоюлуп, дан, мөмө-жемиштерди кургатуу жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо үчүн курулган айыл чарба имараты, кошумча курулуштары менен, , жалпы аянты 0,86 га жер тилкеси толугу менен мамлекеттин балансына кайтарылды.

