Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Министр белгилегендей, жакында жамгырлатып, тамчылатып сугаруу системасына өткөн дыйкан-фермерлерге 2 пайыздык жеңилдетилген насыялар бериле баштайт.
Ошондой эле ал Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып сугарууга өтүү зарылчылыгын белгиледи.
«Тамчылатып сугарууга өтсөк, Ысык-Көлгө дагы суу көбүрөөк барат. Суунун баарын дыйканчылыкка ала берсек, Ысык-Көлгө суу барбай калат. Ошондуктан Ысык-Көл облусун толугу менен тамчылатып, жамгырлатып сугарууга өткөрүү боюнча план коюп жатабыз», — деди министр Бакыт Төрөбаев.

