Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер тарабынан үгүт шарттарын бузган жагдайларды карады.
Боршайкомдун маалыматына караганда, анын жыйынтыгында үч талапкерге, бир жаранга жана бир ЖМКга айып пул салынды.
Ага ылайык, үгүт шарттарын бузган талапкерлер Гүлнура Апсабырова, Гүлнара Абдразакова, Арсланбек Эгембердиевге, жаран Нуралы Чилянов жана «Кыргыз Туусу» жалпы улуттук гезити айыпка жыгылды.
Белгилей кетсек, аталган шайлоо округунда кайра шайлоо 1-мартка дайындалган.

