Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аялына карата үзгүлтүксүз зомбулук көрсөтүп келген 49 жаштагы жаранды кармашты.
Жабырлануучунун арызына ылайык, күйөөсү ага карата туруктуу түрдө психологиялык кысым көрсөтүп, күч колдонуп келген. Белгилей кетсек, буга чейин милиция тарабынан аялды коргоо максатында бир нече ирет коргоо ордерлери берилгени менен, алар зомбулукту токтотууга жардам берген эмес. Учурда бул факт боюнча «Кордоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды жана тергөө амалдары жүрүп жатат.

