Бишкектеги 7-Апрель көчөсүндө ысык суу түтүгү жарылды


Бишкектеги 7-Апрель көчөсүндө Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жылуулук тармагында авария катталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Авария түтүктөр эскиргендиктен келип чыккан. Мында жылуулук түтүктөрү 1974-1986-жылдары курулган. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө шаардын түштүк бөлүгүндө жылуулук энергиясын берүү убактылуу чектелиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Ишкана туруктуу жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү үчүн зарыл чараларды көрүүдө.