12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди «ушакчылар» уруштурганын айтты. Ал эл арасында тынчсыздануу күчөгөнүн белгилеп, саясаттагы «артынан бычак уруу» аракеттерин токтотуп, экөөнү ынтымакка чакыруу үчүн президентке биргелешкен кайрылуу жасоону сунуштады.
Ошондой эле Талиева вице-премьер Эдил Байсаловду сынга алып, анын билдирүүлөрү Ташиевдин иштерин «жокко чыгарып жатат» деген пикирин айтты. Эске салсак, 10-февралда Камчыбек Ташиев кызматтарынан бошотулган, ал эми 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан өз эрки менен кетерин билдирди.

