Марлен Маматалиевдин талапкерлиги төрагалыкка көрсөтүлдү


Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына эки депутаттык топ Марлен Маматалиевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

«Ала-Тоо» жана «Элдик» депутаттык топтору аны төрагалыкка талапкер катары аныкташты.