Кыргызстан менен Чехия Бишкек — Прага түз аба каттамын ачууну талкуулашты


Эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик менен «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов талкуулашты. Тараптар жүргүнчү жана жүк ташуучу авиацияны өнүктүрүү маселелерин да карашты.

Чехиялык делегацияга жаңыланган «Манас» эл аралык аэропортунун инфраструктурасы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Кийинки этапта «Кыргызстан аэропортторунун» өкүлдөрү Прага аэропортуна барып, түз каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантышат.