Экс-депутат Шайлообек Атазов Биринчи май райондук соту тарабынан акталганын соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал кылмыштын курамы жок болгондуктан акталганын айткан. Атазов өзүнө каршы иш ойдон чыгарылганын айтып, акыркы эки жылда колдогондордун баарына ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, ал 2024-жылы Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган. Бир жылдан кийин массалык башаламандык уюштурууга айыпталып кармалып, тергөө абагында эки ай отурган.

