Индиядагы диний фестивалда 18 адам каза болду


Делидеги  темир жол станциясында Кумбха Меланын ажылыгына баргандарда тыгын жаралып, 18 адам каза болуп, дагы 11 адам жабыркаган. Каза болгондордун 10у аял, бешии эркек киши жана үчөө балдар. Адамдар поездге шашып бара жатканда, тыгын жаралган. Ушул эле майрамдын айынан январь айында Индиянын түндүгүндө 30га жакын адам каза болгон.

Индиянын түндүгүндөгү Праяграж шаарындагы Ганга дарыясынын жээгине 400 миллиондой индус динчилдери чогулуп, Маха Кумбха Мела фестивалын өткөрүп жатышкан. Ал 12 жылда бир өткөрүлөт жана 45 күнгө созулат.