Жүзүмдүн аянты көбөйгөнү айтылды


Кыргызстанда жүзүм өстүрүүдө оң динамика байкалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын жыйынтыгында өлкөдөгү жүзүмзарлардын жалпы аянты 2 870 гектарды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 225 гектарга же 8,5 пайызга көбөйдү.

Жалпы түшүм 5990,1 тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 1 пайызга өсүп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 20,5 центнерди түздү.

Тармакты колдоо максатында 2025-жылдын январь-май айларында Сербиядан алып келинген жүзүм көчөттөрү карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүлүп, вируссуз жана техникалык сорттор боюнча тандалып алынды.

Ошондой эле Лейлек районунда жүзүм өстүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелер ишке ашууда. Жаңы-Жер айыл аймагында кооперативдер «Аватар» жана «Кишмиш» сортторунун көчөттөрүн өстүрүп жатышат. Мындан тышкары, «Аватар», «Моникур Сиңгер» жана «Кишмиш» сортторуна адистешкен жаңы питомник уюштурулууда.