«АГРОДИАЛОГ–2026»: 40 чемпионго 25 миң сомдон сертификаттар тапшырылат


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев “Ала-Тоо лайв” көрсөтүүсүнүн түз эфирине катышып, 18-19-20-21-февраль күндөрү өтө турган “Агродиалог-2026” агроөнөр жай форуму тууралуу маалымат берди. Жаныбек Калкановичтин айтымында, «Агродиалог–2026» форумунун алкагында агрардык тармактагы мыкты ишкерлер аныкталган.
Катышуучулар атайын жобонун негизинде бааланып, быйыл чемпиондорду колдоого 1 миллион сом каражат бөлүндү.
Каржылык колдоо демөөрчүлөр тарабынан камсыздалып, жалпы 40 чемпионго ар бирине 25 миң сомдон сертификат ыйгарылат.
Тандоо кандай жүргүзүлдү?
Конкурс ачык жана айкын жобонун негизинде өткөрүлдү. Тиешелүү адистер жана талдоочулар комиссия курамында иштеп, ар бир арызды кылдат карап чыгышты.
Мал чарбачылыгы багыты боюнча 80ден ашык арыз келип түшкөн.
Алардын ишмердүүлүгү, өндүрүш көрсөткүчтөрү жана жетишкендиктери анализденип, жыйынтыгында 20 мыкты катышуучу тандалып алынды.
Өсүмдүк өстүрүү (айыл чарба продукциясын өндүрүү) багыты боюнча да түшкөн арыздар өзүнчө каралып, дагы 20 чемпион аныкталды.
Тандалган чемпиондор форум алкагында өз долбоорлорун презентациялап, жетишкен ийгиликтери, колдонгон технологиялары жана өндүрүштүк натыйжалары менен бөлүшөт.
Эксперттер алардын ишмердүүлүгүн талдап, сунуш-пикирлерин беришет.
Бул демилге:
— Айыл чарба тармагындагы ийгиликтүү ишкерлерди колдоо;
— Алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу;
— Атаандаштыкты күчөтүү жана өндүрүш сапатын жогорулатуу.
«Агродиалог–2026» форуму агрардык тармактагы мыкты тажрыйбаларды бириктирип, өнүгүүгө жаңы дем берүүчү аянтча болуп кызмат кылат.