Кадамжайда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында асыл тукум малдардын көргөзмөсү болуп өттү.
Көргөзмөгө Кадамжай районунун асыл тукум фермердик чарбалары, жеке чарбалар, ветеринардык адистер жана жасалма жол менен уруктандыруучу пункттар катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө асыл тукум малдар тааныштырылып, алардын сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтар берилди. Көргөзмөнүн жыйынтыгында мыкты фермердик чарбалар грамота, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Асыл тукум көргөзмөсүнүн негизги максаты — асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү, фермерлердин тажрыйбасын жайылтуу жана калк арасында сапаттуу мал багууну кеңири жайылтуу болуп саналат.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында элге арзан баада эт сатылып, уй эти 1 килограммы 650 сомдон сунушталды.

