Мамлекеттик ветеринардык лабораторияларга техникалык колдоо көрсөтүлүүдө


«Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында мамлекеттик ветеринардык лабораторияларга техникалык колдоо көрсөтүлүүдө. Бул колдоо жабдуулар менен камсыз кылууну жана мамлекеттик стандарттык үлгүлөрдү киргизүүнү камтыйт.
Ошондой эле, долбоордун колдоосу менен практикалык тренингдер өткөрүлүп, конкреттүү сыноолорду жүргүзүүдө компетенттүүлүк кеңейтилип жатат. Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда продукцияларда ветеринардык дары-дармектердин калдыктарын аныктоо ыкмалары ишке ашырылууда. Азыркы учурда бул ыкмаларды балдагы ветеринардык дары-дармектердин калдыктарын аныктоо боюнча аккредитациянын чөйрөсүн кеңейтүүгө даярдоо жана ишке киргизүү иштери уланууда.
Долбоордун негизги максаты – мамлекеттик көзөмөл системасынын эквиваленттүүлүгүн камсыз кылууда маанилүү болгон ыкмаларды киргизүү аркылуу аккредитациянын чөйрөсүн кеңейтүү жана тамак-аш продукциясынын туруктуу экспортун камсыз кылуу.
Долбоор 2027-жылдын 3-кварталына чейин жүргүзүлөт жана чет өлкөлүк эксперттердин жардамы менен ишке ашырылууда. Эксперттер Латвия өлкөсүнүн BIOR лабораториясынын адистери менен биргеликте иш жүргүзүшөт.