2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмү 25%га жетет


Минкаб төрагасы “Агродиалог” форумуна катышты. Иш-чарада сүйлөп жатып, айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрү дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнө экспорттоло баштаганын билдирди.

“2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмү 25%га жетет. Ал эми 2040-жылга чейин 50%га жеткирүү пландалган. Учурда бул көрсөткүч болгону 7%ды түзөт”, — деген ал.

Өкмөт башчы мындай натыйжага жетүү үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы ишкана ачуу зарыл экенин белгилеген.