Саламатсыздарбы “Кадам-медиа.кж” сайты, атым Бекжан, жашым эми гана 36га келди. Ушул жашка келип бакыттын даамын азыр гана сезип отурам. Ал бакытты өз аялымдан эмес, чоочун эле бир эжемден таптым. Эмесе, кеп башынан болсун.
Айылдагы ата-энемдер кыйналып турганда Россиядан келе бердим, келсем дароо эле “үйлөнүшүң керек” деген теманы козгой баштады. Өзүбүздүн эле айылдаш Берметке барып, мага турмушка чыгасыңбы дедим, ал дагы ушул эле суроону күтүп тургансып дароо макул болду. Анын мага сезими бар экенин билгеним чын. Ошентип, түтүн булатып, бир үй-бүлө болуп жашай баштадык. Аялым экөөбүз бат эле тил табышып кеттик, буга да анын болушунча аракет кылып жатканы себеп болду. Бирок менде жүрөгүм такыр ойгонбой койду, ичимде өзүмдү чоочун сезип, өзүмдү алдап, никеден кийин сүйүү болот дегенге көпкө чейин ишенип жүрдүм. Ал күндөр 6 жыл өтсө дагы келген жок.
Ал арада оору менен алышып жүрүп атам да оо дүйнөгө узап кете берди. Айыл бизге эми караңгы болуп, таянар тообуз кулап, асылым апакемди, үй-бүлөмдү алып Бишкекке келдик.
Москвада дагы таксиде иштечүмүн, борборго келип да кайра эле такси кызматына кирип кеттим. Айылдагы үйдү, малдарды, чоң машинамды сатып, Москвадан тапкан ташыганымды топтоп Бишкектин четинен өзүбүзгө ылайыктуу үй алдык. Бул жакка келишибизге апакемдин да ден-соолугу себеп болду. Атамды ажалга алдырып жибергенден кийин апакемди кадимкидей аяп, түйшүктөн арылткым келди. Азыр балдар менен алек болуп, мал-жан жок колу агарып, тынч жашоосун сүрүп калды. Аялым болсо өзүбүз жактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна медайым болуп кирди.
Акырындап шаар турмушуна көнүп, жашообуз жакшы болуп, өнүккөн турмушту көрүп жаткансыганбыз. Мен болсо бир калыптагы жашоону кабыл алып, бакыт ушул эле болсо керек деп жүргөм. Анан эле капыстан тиги эжекем менен жолукканда, жашоом астын-үстүн, дүйнөм буркан-шаркан боло түштү. Телефонум шыңгырап, алсам эле туптунук, назик үнү менен “Нарынга чейин жеткире аласызбы, кызым экөөбүз эле салон алалы” – деп калды. Макул болуп, акчасын кошо котортуп алдым. Эртеси ал айткан дарекке барсам, орто бойлуу, көздөрү өзгөчө жанып турган, сулуу айым өспүрүм кызы менен чыкты. Аны көрүп эле өзүмдү жоготуп, тилим чулдурап, сүрдөгөнүмөн сүйлөй албай кыжалат боло бердим. Ал дагы менин сүрдөгөнүмдү байкагансып, күлүмсүрөп, жылуу сүйлөп, мендеги кыжалатчылыкты жууп салды. Кызы кулакчынды салып коюп, бизге көңүл бурбай кете берди, а биз эжем экөөбүз узун жолду кыскартмакчы болуп көп сөздүн башын баштап алып, аягына чыга албай Нарынга жетип бардык. Аны менен убакыт ушунчалык тез өтүп кеткенине таң калып, үйүнө чейин киргизип койдум. “Апамдар менен таанышып, чай ичип алып чыгасың го…” деген кебине дароо макул болуп, жайылып турган дасторконго өтүп кеттим. Көрсө бир туугандардын шеринесин ата конушунда өткөрүп турмай адаттары бар экен. Тааныбаган адамдардын жанында отурсам дагы эжемди көрүп өзүмчө эле элжиреп аттым, неге экенин өзүм деле түшүнгөн жокмун. Бир топко отуруп алып, баары мени башкача карай баштаганда акырын жылып ордумдан турдум. Эжем менен коштошуп жатсам, “1 жумадан кийин кайра эле өзүң алып кете аласыңбы” – деп калды. Бул сунуш мага майдай жагып, жаныңызда деле жүрө турбаймынбы деп тамашалай салдым. Күлүп эле жылуу узатып койду. Кайра жолдон Бишкекке карай жүргүнчүлөрдү салып алып жол тарттым. Узак жолдо тиги эжем эстен кетпей, күлкүсүн, шамалга желбиреген чачтарын элестетип өзүмчө жылмайып баштадым. Жанымда кишилер отурганын эстеп өзүмө келдим.
Ошол күндөн баштап, уктап жаткан жүрөгүм ойгонуп, кадимкидей жаңы дем менен жашоом башталгансыды. Бактылуу болуп жүргөнүм үйдөгүлөргө да жагып, апам тургай балдарым да мени карап күлүп башташты. Мурда үңүрөйүп жүргөн белем деп ага да түшүнбөйм. Айтор тиги эжем мага жашоомдогу күн сымал жаркып кирип келди.
Эптеп бир жуманы чыдамсыздык менен өткөрүп, эжемди таштаган дарекке учуп жеттим. Барсам даяр болуп көчөдө турушкан экен, эски тааныштардай туугандары менен коштошуп кайрадан Бишкекке сапар алдык.
Эжемдин көздөрүн кайра-кайра карап суктанып, негедир аны менен жан-дүйнөсүн ачып сүйлөшкүм келди. Көрсө, жолдошу менен ажырашып кетип, 2 кызын карап, тиричилик деп жүрүп жеке турмушун унутуп коюптур. Көп эркектер суктанса керек, аябай сулуу жан экенсиз дей салдым. “Бакытты бербесе сулуулуктун деле пайдасы жок экен” – деди. Жанымда отуруп, өтмүшүн, бактысыз жашоосун айтып жатса негедир кучактап алып, сырткы жамандыктардан куткаргым келди.
Дагы далай кептер айтылды, бири-бирибизге ачылдык, шаардан да бош болсок жолугуп, чер жазышып туралы деп сүйлөштүк. Бишкектеги үйүнө жеткирип кетейин десем, “ушунча жол жүрүп, бир туугандай боло түштүк, жүрү чай ичип кет” – деп чакырды. Бир туугандай деген сөзүнө нааразы болсом да билгизбей, мен кете берейин деп кызынын көзүнчө уялгансыдым.
Күн аралаш эми ал эжеме чалып, ал-абалын сурап турчу адат таптым. Ага байланып баратканымды өзүм да сезбей калдым. Бир күнү ачык эле чайга барып келели дедим, макул болду. Сырдашып кайра кайттык. Ал өзү дагы чакыра баштаганда, кадырым көтөрүлгөнсүп, канат байлап каалгып уча баштадым. Көздөрүм аялымды эмес, ошол эжемди издеп калды. Бир жолу кечки тамакка чакырып, андан ары мейманканага кеттик. Ошол түн мен үчүн өзгөчө түн болду. Көрсө, сүйүктүү адамыңдын ар бир добушу, эркелеткени, шыбыраганы дем берип, жашоого болгон үмүтүңдү жандырат турбайбы…
Таң атса дагы аны кое бергим келбей, кайра нанүштөгө алып кетип калдым. Телефонду өчүрүп салып, баарын унуткум келип, ушул адам менен бир өмүр бирге болгум келди. Бирок, бактылуу мүнөттөр көпкө узабай, кайрадан эки жолго тарадык. Ал үйүнө, мен үйүмө кеттик.
Аялымдын көп суроосуна жооп бергим келбей, жумушка дагы чыкпай терең уйкуга кеттим.
Кечинде туруп кайрадан эжемди издеп жөнөдүм. Байланган иттей эле ал айымдын үйүн акмалап, бошосо эле алып качып кетчү болдум. Бул нерсе өзүмө да абдан жагып, баарына кайыл болуп, ажырашып эле ушул өзүмдөн 5-6 жаш улуу эжем менен түтүн булатсам деген ниет пайда болду.
Азыр эми болгон нерсени аялыма айта албайм, ал бир нерсе десе эле такси кылып жүрөм деп үйгө барбай калдым.
Эжеме дагы аялым бар экенин билгизбейм, билсе деле ал менин ажырашып кетишимди каалабайт, анткени ал азыр эркиндикти жакшы көрөрүн ачык айтканы бар.
Бирок бул эжемди мен эми эч кимге бербейм, анткени чыныгы сүйүүнү, бакыттын даамын эми сезип отурам…
Автор: Асель Жаныбек
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.

