Бүгүн республика боюнча күн ачык болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым аймактарга туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +7…+12, Талас аймагында +6…+11, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө +13…+18, Баткен облусунда +12…+17, Ысык-Көл кылаасында +2…+7, Нарын жергесинде -3…+2 градуска чейин жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +10…+12, Ош шаарында +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.

