Садыр Жапаров бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарды


Жарлыктарга ылайык, Улан Ниязбеков (сүрөттө солдо) милициянын генерал-полковниги болду. Ал эми Жумгалбек Шабданбеков (сүрөттө оңдо) генерал-лейтенант наамын алды.

Мындан тышкары, Акылбек Намазов, Уранбек Шадыбеков, Тариэл Отонбаев, Талайбек Шаршеев, Талантбек Талипов жана Алишер Эрбаев генерал-майор наамына татыды.

ал эми Малик Бектургановго юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылды.