Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту KOPIA борбору менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу району, Ноокат району жана Кара-Кулжа району аймактарында 17–18–19-февраль күндөрү мазмундуу жана практикага багытталган окуу семинарларын өткөрдү.
Семинарлар айыл чарба малдарын туура багуу, рационалдуу тоюттандыруу жана жасалма жол менен уруктандыруу багытында фермерлердин жана тармак адистеринин билимин тереңдетүүгө арналды.
Негизги максат — фермерлерге заманбап мал чарбачылык ыкмаларын жеткирүү аркылуу өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, малдын сапатын жана продуктивдүүлүгүн арттыруу.
Окуу программасы теория менен гана чектелбестен, практикалык машыгуулар менен коштолду.
Катышуучулар:
Адистердин айтымында, мындай окутуулар фермерлердин иш тажрыйбасын жаңылап, атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу айыл чарба өндүрүшүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Бул семинарлар — илим менен практиканын айкалышкан жыйынтыгы болуп, аймактардагы мал чарбачылыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү кадам болду.

