УКМК: Пара алып жаткан жеринен Талас райондук ИИБдин кызматкери кармалды


УКМКнын басма сөз кызматы 24-февралда билдиргендей, кызматтык кылмышка шектелип милиция кызматкери кармалды.

Тергөө версиясы боюнча, Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери Т.Р.З. узак убакыт бою жергиликтүү тургундан акча талап кылып келген. Талап кылынган каражат берилбесе, милиция кызматкери аны кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркуткан.

21-февралда УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте паранын бир бөлүгү катары 100 миң сом алып жаткан учурунда шектүүнү кармашты.

Кармалган кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштеринин алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка тараптар такталууда.