БШК Дуйшенбиев менен Нышановго мандат тапшырды


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-февралдагы жыйынында Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматовичке №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча жана Нышанов Джайлообай Данибаевичке № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын бош мандаттарын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.

Дуйшенбиев №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча жана Нышанов №15 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары болуп катталып, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белгилер берилди.

Буга чейин Нурланбек Тургунбек уулу (№15 округу) жана Кундузбек Сулайманов (№14 округу) өз мандаттарынан баш тартышкан болчу.