“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК тарабынан өткөн жылы 147 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү төлөндү. Бул тууралуу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКнын Камсыздандыруунун ордун толтуруу жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азат Осмоналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК жарандарга жалпысынан 27 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн.
“Ар кандай табигый кырсыктардан, өрттөн турак жайлар жабыркаган учурда жарандарыбыз үчүн калыбына келтирүү кыйын болуп калат. Эгер жаран кыймылсыз мүлктү камсыздап койсо, мамлекет Камсыздандыруу уюму тарабынан жакшы төлөмдөрдү төлөп берет. Төлөм башкармалыгы жагынан “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 2024-жылы жалпысынан 27 млн сом жарандарга төлөмдөрдү жүргүзсө, 2025-жылы 147 млн сомдун тегерегинде акча каражаттар төлөнүп берилди”, — дейт Осмоналиев.
Белгилей кетсек, шаар жергесинде турак жайды камсыздандыруу 1 миң 200 сом төлөө менен жүргүзүлөт. Ал эми айыл жергесинде турак жайды камсыздандырууга 600 сом төлөнөт.

