Бакыт Төрөбаев: Кыргызстаныбыз биз көксөгөн бийиктиктерге жетсин!


Министрлер Кабинетинин Төрагасынын мурдагы орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Төрөбаев Бакыт Эргешовичтин коомчулукка кайрылуу жасап анда өзү жетектеген тармактагы 4 жыл аралыгында жасалган иштер тууралуу маалыматтар менен бөлүшкөн:

«Урматтуу мекендештер, кадырлуу кесиптештер жана достор!

Бүгүн мен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматындагы ишимди аяктап жатам.

Оболу, урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровго мага көрсөткөн жогорку ишеними жана мамлекетибиздеги тарыхый өзгөрүүлөрдү ишке ашырып жаткан команданын бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Чындыгында артта калган төрт жыл өлкөбүздө өнүгүүнүн, бардык тармактардагы жандануунун жана жаңылануунун мезгили болду. Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевич жетектеген команда менен биргеликте 1 трлн сомдук бюджетке жетип, ИДП жыл сайын туруктуу 9-10 пайыз өсүштү көрсөтүп турду.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун, кубаттуулугу 1860 МВт “Камбар Ата-1” ГЭСин баштоо, Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Бедел” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун ачылышы сыяктуу тарыхый учурларга күбө болуп гана тим болбостон, аны ишке ашыруу иштерине катышканыма сыймыктанам.

Бизге ишенип берилген суу ресурстары, айыл чарба кайра иштетүү жана өнөр жай жаатында да арбын ийгиликтер болду.

Алсак:

Айыл чарбадагы ИДПнын өсүшү

2022 — 358,3 млрд

2023 — 382,0 млрд

2024 — 395,6 млрд

2025 — 459,7 млрд

Экспорттун көлөмү:

5 жылдагы экспорт:  196,1 млрд сом ($ 2,3 млрд)

2025: Кытай рыногуна чыгуу — 8 протоколго кол коюлду

Мамлекеттик колдоо: логистикага 250 млн сом;

150дөн ашуун эл аралык көргөзмөлөргө катышуу.

Биз суу ресурстарын башкаруу маселелерин улуттук стратегиянын деңгээлине көтөрдүк, агрардык сектордо терең реформаларды демилгеледик жана бүтүндөй тармакты санариптештирүүнүн негизин түздүк. Бул үчүн министрликтин ар бир кызматкерине, жер-жерлердеги адистерге жана республикабыздын бардык бурчундагы жер эмгекчилерине өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Биз 24/7 режиминде өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн иштедик.

Жаңы келген жетекчилерге ишинде албан ийгиликтерди каалайм! Кыргызстаныбыз мындан ары да өнүгүп, биз көксөгөн бийиктиктерге жетсин!» – деп жазган Төрөбаев.