Дамирбек Осмонов Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды


Садыр Жапаров Дамирбек Осмоновду Саламаттык сактоо министри кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 26-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

44 жаштагы Осмонов тажрыйбалуу дарыгер жана кардиология боюнча белгилүү адис. Дайындоого чейин ал министрликтин башкы штаттан тышкары интервенциялык кардиологу жана аритмологу болуп иштеген.

Буга чейин бул кызматты Каныбек Досмамбетов аркалап келген, ал 24-февралда президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулган.