Өлкө башчы Садыр Жапаров Эрлист Акунбековду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.
Акунбеков Ош шаарында төрөлгөн. Ал Ош мамлекеттик университетин «бизнес жана менеджмент» багыты боюнча аяктап, Москва мамлекеттик университетинде «бизнести башкаруу» багыты боюнча магистратураны бүтүргөн.
Ал ар кайсы жылдары банк тармагында жана бизнес структураларда иштеген. 2014-жылдан бери жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр ассоциациясын жетектеп, «ATS-Group» компаниясынын башкы директору болуп эмгектенип келет.

