Бүгүн, 2026-жылдын 26-февралында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков министрликтин жамааты менен алгачкы жыйынын өткөрүп, ишке расмий киришти. Жыйында ал орун басарлары, башкармалык жана бөлүм башчылары менен таанышып, командалык ишке басым жасай турганын билдирди.
Эрлист Акунбеков министр Бакыт Төрөбаев баштап кеткен беш негизги багыт улантыларын белгилеп, түзүлгөн кесипкөй команданын ишин жогору баалады. «Ушул курам менен натыйжалуу иш алып барабыз», — деген ал кадрдык туруктуулукка көңүл бурарын айтты.
Жыйында министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берсе, орун басар Мирбек Дуйшеев айыл чарба тармагындагы насыялоо программаларына токтолду. Учурда агроөнөр жай комплексин мамлекеттик каржылык колдоо боюнча жалпы суммасы 13 млрд 180 млн сомду түзгөн 9 долбоор ишке ашууда.
Эрлист Акунбеков жамаатты интригасыз, ачык-айкын иштөөгө жана кыска убакытта жыйынтык көрсөтүүгө чакырды. Ал жазгы талаа иштерине даярдыктын абалы тууралуу толук маалымат алып, дыйкандарды үрөн, күйүүчү майлоочу май, техника менен камсыздоо боюнча маселени үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. Ошондой эле суу реформасын аягына чыгаруу эң башкы артыкчылыктуу багыттар болорун өзгөчө белгиледи.

