Койдун жүнүнөн жер семирткич чыгарса болот


2025-жылдан тарта ишкер Кундуз айым койдун жүнүн кайра иштетүү аркылуу дыйкандар үчүн экологиялык таза жер семирткич өндүрүп, сатыкка чыгара баштаган. Өндүрүш менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти таанышып чыкты.
Бул продукция топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатып, нымдуулукту сактоого жардам берет жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет. Айрыкча органикалык дыйканчылыкка кызыккан чарбалар арасында суроо-талап жогору болууда.
2026-жылы продукцияга болгон суроо-талап кыйла өсүп, заказдардын саны көбөйдү. Учурда ишкер өндүрүш көлөмүн кеңейтүү үстүндө иш алып барууда.
Бул демилге мал чарбачылыгындагы калдыктарды натыйжалуу пайдалануу менен бирге, айыл чарба тармагында туруктуу жана экологиялык ыкмаларды жайылтууга өбөлгө түзүүдө.