Бугүн күндүз жаан, кар жаайт. Эртең менен жана түнкүсүн айрым жерлерге туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Таласта -2…+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15, Ысык-Көл аймагында 0…+5, Нарын өрөөнүндө -4…+1 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте жаан карга айланып 0…-2 градуска чейин суук болсо, Ош шаарында жамгыр жаап, күндүн табы +11…+13 градуска чейин көтөрүлөт.

