Президент Садыр Жапаров эки райондун акимдерин кызматтан алды.
Президенттик администрациянын маалыматы боюнча, Ош облусундагы Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев жана Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев кызматтан алынды.
Экөө тең кызматтан кетүү боюнча арыз беришкен.

