Мээрим Жуманазарова менен Гүлнур Таштанбекова Албаниядагы турнирдин байге ээлери болушту


Албаниядагы рейтингдик турнирде Мээрим Жуманазарова күмүш, Гүлнур Таштанбекова коло медаль утту.

Мээрим финалда болгариялык Юлиана Янева менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишти алдырып койду.

Ал эми Гүлнур Таштанбекова 3-орун үчүн беттеште индиялык Апекша Патилди 4:3 эсеби менен жеңип алды.