Ал чейрек финалда россиялык Артур Саргсянга утулуп калган. Бирок көңүл жубатуучу беттешке мүмкүнчүлүк алып, анда биринчи каршылашы азербайжандык Махаммад Ахмадиевди 8:2 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн беттешке чыкты.
Чечүүчү кармашта ирандык Амирреза Морадиянды 4:2 эсебинде утуп, турнирдин коло байгесин утту.

