Министрлик жарандарды БАЭнин жергиликтүү бийлик органдарынын (Ички иштер министрлиги жана башка компетенттүү органдар) расмий билдирүүлөрүнө гана таянууга жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат.
Маалым болгондой, БАЭнин компетенттүү органдары каттамдардын жокко чыгарылышына жана жылдырылышына байланыштуу кыргыз жарандарын мейманканаларда кошумча акы төлөбөстөн убактылуу жайгаштырууну узартуу, ошондой эле аларды чыгарып жибербөө чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу мекендештерге мейманканаларда калуу, бийлик органдарынын расмий сунуштарын күтүү жана КРнын чет өлкөдөгү мекемелери, туроператорлор, авиакомпаниялар менен туруктуу байланышта болуу сунушталат.
«Эгерде абадан коргонуу сигналы же башка өзгөчө кырдаалдар жарыяланса, укук коргоо органдарынын жана мейманкана кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, БАЭде «жабык асман» режими киргизилгендиктен, жер кургактыгы же үчүнчү өлкөлөр аркылуу чыгуу жолдорун өтө зарыл болгон учурда гана кароо сунушталат.
БАЭдеги КР жарандары тууралуу актуалдуу маалыматты топтоо жана ыкчам байланышуу максатында, мекендештерден төмөнкү маалыматтарды (аты-жөнү, туулган күнү, паспорт номери, жашаган дареги жана байланыш номери) тийиштүү мекемелерге жөнөтүү суралат:
Түз байланыш номерлери:
КРнын БАЭдеги элчилиги: +971 52 225 5269;
КРнын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971 52 291 8840;
КР ТИМдин Консулдук департаменти: +996 999 312 002.

