ИИМ жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаранды издөөдө


Ички иштер органдарына Сокулук районунун социалдык кызматкери арыз менен кайрылган. Ал ушул жылдын башында жашы жете элек кыз зордукталганын билдирген. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, ага өзүн Турат деп тааныштырган адам шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан адам 1979-жылы туулган Жумаев Турат Касымович деген ысымды колдонушу мүмкүн экени аныкталды.

Милиция изделип жаткан адам тууралуу маалымат билгендерди милиция бөлүмүнө же 102 жана 0501935534, 0313266261 номерлерине кабарлоону өтүнөт.