Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган азык-түлүк жарманкеси 2026-жылдын 1-мартында Москва районуна караштуу Беловодский айылында өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга жеткиликтүү жана туруктуу баада эт азыктары, сүт азыктары, жашылча-жемиштер жана негизги тамак-аш товарлары сунушталды. Жарманкеге жергиликтүү дыйкандар, фермердик чарбалар жана кайра иштетүүчү ишканалар түздөн-түз катышып, ортомчусуз соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жарманкенин негизги максаты — калкты сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, баалардын негизсиз өсүшүн алдын алуу, ошондой эле өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түз байланыш түзүүгө шарт түзүү болуп саналат.
Мындан тышкары, иш-чара социалдык жактан аялуу катмардагы жарандарды колдоого багытталып, базар баасынан төмөн баада продукция алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Белгилей кетсек, республика боюнча азык-түлүк кору жетиштүү деңгээлде камсыздалган жана ички рынокто негизги тамак-аш азыктарынын баа туруктуулугун камсыздоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө.

