Кыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө


ТИМ кыргыз жарандарын эвакуациялоо каттамдарын уюштуруу боюнча Сауд Арабиясы, БАЭ жана Оман Султанаты менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Маселе көзөмөлдө экени айтылып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери маалымдалды.

Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо сунушталат:
🔸 эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан оолак болуу
🔸 жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын талаптарын так аткаруу
🔸 өздүк документтерди жана элчилик-өкүлчүлүктөрдүн байланыштарын жанында алып жүрүү
🔸 расмий билдирүүлөрдү туруктуу көзөмөлдөө
ТИМдин маалыматына ылайык, Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар: 10 миңге жакыны БАЭде, 5 миңден ашыгы Сауд Арабиясында (анын ичинде умра зыяратчылары), 800дөйү Катарда жана 100гө жакыны Израилде.