28-февралда Россиянын Карелия Республикасында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу кырсыкка катышкан жарандардын өздүгүн аныктоо жана кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барууда.
Башкы консулдук жабырлануучуларга зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтөт.

