Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан калкты жеткиликтүү баада азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында азык-түлүк жарманкеси өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин тапшырмасынын негизинде өткөрүлдү.
Жарманкенин алкагында жылкы жана койдун эти 650 сомдон, ал эми уйдун эти 670 сомдон сатылды.
Иш-чарага жергиликтүү дыйкандар, мал чарба өндүрүүчүлөрү жана кайра иштетүүчү ишканалар катышып, өз продукцияларын ортомчусуз түз сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай формат өндүрүүчүлөрдү колдоого жана керектөөчүлөр үчүн баанын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого шарт түзөт.

