Ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Талас шаарында курал-жарак сакталган жайды табышты.
Текшерүү учурунда төмөнкүлөр алынган:
— 12 жана 16 калибрлүү (кесилген стволдуу) жылмакай мылтыктар – 2 даана.
— 3 даана кичинекей калибрлүү мылтыктар.
— 2 даана травматикалык тапанча (ПМ).
— 1 даана үн чыгаруучу граната.
— 71 даана 5,45 калибрлүү ок-дарылар жана 26 даана 7,62 калибрлүү ок-дарылар.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


