3-мартта Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Эгембердиева өлкөдөгү антикинолорду жабуу мүмкүнчүлүгүн көтөрдү. Бул маселе баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы мыйзам долбоорун талкуулоодо айтылып, эл өкүлү мындай жайлар тасма көрүү шылтоосу менен баңгизат, анын ичинде синтетикалык заттарды колдонууга шарт түзүп калышы мүмкүн экенин билдирди.
ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев кооптонуулар негиздүү экенин айтып, антикинолордо мыйзам бузуу фактылары катталганын маалымдады. Айрым иштер боюнча жооптуу адамдар жоопкерчиликке тартылганы белгиленип, министрлик бул тармактагы укук бузуулар боюнча жазуу жүзүндө статистика даярдап парламентке берерин кошумчалады.

