Айбек Токтоболотов Кыргызстандын Катардагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, 46 жаштагы Токтоболотов буга чейин ТИМдин Төртүнчү саясий департаментинин директору болуп иштеген. Ага чейин Катардагы элчилик кызматты Марат Нуралиев аркалап, ал 2025-жылдын декабрында кызматтан бошотулган.

