Бишкекте клип тартканга керектүү жабдыктарды алып, таптырбай кеткен шектүү кармалды


Маалыматка караганда, А.О. аттуу жаран Sony FX30 үлгүсүндөгү видеокамераны, Sigma 24–70 үлгүсүндөгү объективди, Pergear 256 GB болгон флеш-картаны ижарага алган бойдон дайыны жок кеткен. Жабырлануучу 276 миң сом зыянга учураган.

Милиция 28 жаштагы шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.