Даниэл Ажиев абактан тик учак менен чыгып кеткенин ӨКМ ырастады


Вебкам иши боюнча соттолгон Даниэл Ажиев абактан тик учак менен чыгып кеткени тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ырастаганын «Азаттык» жазды.

Мекеменин 5-марттагы маалыматына караганда, тик учак үчүн 268 миң сом ижара акысы төлөнгөн. Ижара тууралуу буюртмага байланыштуу Ажиевдин жакындары сүйлөшкөн.

Буга чейин социалдык тармактарда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Петровка айылындагы №8 түзөтүү мекемесинен тик учак учуп чыкканы тартылган тасма тараган. Видеого тарткан киши тик учак Даниэл Ажиевди алып кеткени келгенин айтканын угууга болот.

ЖАМК бул видео тууралуу маалымат бере элек.