Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 3-мартында Өзбекстан Республикасынан импорттолуп кирген 80520 даана көчөттөр фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда республиканын аймагына киргизүүгө тыюу салынды.
2026-жылдын 1-мартында күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” № 103 13.02.2026-ж. токтомуна ылайык, токтомдо көрсөтүлгөн мөмө-жемиш көчөттөрүнөн башка көчөттөрдү ташып кирүүгө убактылуу тыюу салынгандыктан, жогорудагы мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрү жок болуп чыккандыктан, бул жүктөр импортер өлкөгө кайра кайтарылган.

