Садыр Жапаров «Бала ырысы» аттуу жаңы жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду


Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдар үчүн «Бала ырысы» аттуу жаңы жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

2026-жылдын 1-июлунан тартып, үч жашка чейинки ар бир бала үй-бүлөнүн кирешесине карабастан айына 1 200 сомдон алат.

Президенттин айтымында, бул чара үй-бүлөлөрдү колдоо жана балдар арасындагы жакырчылыкты азайтуу максатында киргизилүүдө. Учурда Кыргызстанда үч жашка чейинки 445 миңге жакын бала бар.