Чүйдө чогуу жашаган аялды, анын өспүрүм уулун сабаган киши кармалды


38 жаштагы аял Жайыл райондук милицияга кайрылып, кишиге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, эркек киши аны 17 жаштагы баласы менен кошо сабаган. Уулунун мээси чайкалып, мурду сынган.

Экспертизалар дайындалып, үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген 35 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.